Камчыбек Ташиев:Эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам

0

“Мен 6-февралда эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам. Себеби биздин врач, профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам” -деген УКМКнын төрагасы элдин келечеги үчүн «бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн» деп жазды.

Ташиев дарылануу үчүн кайсы өлкөгө кетип жатканын жана дарты эмне экенин тактаган жок. Ал буга чейин дагы сыркоолоп, ооруканага жатып чыкканын жазган эле. Анда УКМК Ташиевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин билдирген болчу.

52 жаштагы Камчыбек Ташиев былтыр октябрдан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт. Ал ушул аптада түзүлгөн жаңы өкмөттө өз ээлеген ордунда калып, парламентте ант берди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.