Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 7 күнгө жабылды

0

Бүгүн, 1-июндан 8-июнга чейин Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде унаа жолунун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат.

Ошондой эле жолдун негизин асфаль-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.