Бишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына берүүнү сунуштады

0

Бишкек мэриясы борбордо эл ташыган 100 троллейбусту Ош шаарына акысыз берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешине киргизилди.

Токтомдо 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганы айтылат. Себеби, троллейбустардын ордуна электробустар колдонулары жазылган.

Маалыматка ылайык, Ошко бериле турган троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Айрым троллейбустардын иштөө мөөнөтү 15 жылдан ашканы, троллейбустардын орточо эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керек экени кошумчаланган.

Бишкекте күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.