Японияда коронавирустун энеден — жаңы төрөлгөн балага жуккан биринчи учур катталганын NHK жалпыга маалымдоо каражаты маалымдады.
Жапон педиатрлар ассоциациясынын изилдөөчүлөрү — вирус төрөлгөндөн кийин дароо эле ПЦР анализи аркылуу ымыркайдан табылганын ырастаган.
Жалпысынан, изилдөө Япониянын 1124 медициналык мекемесинде жургүзүлгөн.
Иликтөөгө ылайык, 2020-жылдын август айынын аягына чейин 31 ооруканада коронавирус жуккан энелерден 52 ымыркай төрөлгөн. Алардын бирөөсүндө гана ПЧР анализинин жыйынтыгы оң болгон.
Учурда наристенин ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жок. Жапон адистери, илдеттин белгилери азыраак байкалгандыктан кооптонууга негиз жок экенин билдирди. Мындай учурлар Японияда мүмкүн экендиги жана кош бойлуу аялдар үчүн жетиштүү чара көрүлүшү керектиги айтылды.