Көчөдө бараткан аял кагышкан унаалардын ортосунда калды

0

Ош облусунда жаш келин кагышкан унаалардын ортосунда калды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-апрель күнү, саат 11:30 чамасында Араван районунун А. Юсупов айылында «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, көчөдө кетип бара жаткан аялды сүзүп, андан соң токтоп турган «Хондай Портер» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Жабырлануучу аял 26 жаштагы П. кызы Ж аттуу келин болгон. Кырсыктан кийин алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылган.

Бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.