МЭЭДЕГИ КАН ТАМЫРЛАРДЫ КАНТИП ТАЗАЛАСА БОЛОТ?

0

Мээдеги кан тамырларды тазалоо аркылуу бул оорулар айыкса боло тургандыгын адистер эскертет.

Эгерде сиздин башыңыздагы кан тамырлар шлакка толгон болсо:

Башыңыз айланат

Эске сактоо жөндөмүңүз төмөндөйт

Башыңыз ооруйт

Уйкусуздукка кабыласыз

Бат ачууңуз келе берет

Кан басымыңыз көтөрүлөт

Эстөө жана көрүү жөндөмүңүз дагы начарлайт

Эгерде сиз өзүңүздөн ушул белгилерди байкасаңыз дароо мээдеги кан тамырларды тазалоого аракет кылыңыз.

Бал жана жаңгак

Беш даана грек жаңгагын жакшылап майдалап аласыз дагы, ага эки чай кашык бал жана бир чым-чым корица кошосуз. Даяр аралашманы 24 саат муздаткычка салып коёсуз. 24 сааттан соң аны алып бир чай кашыктан тамакка жарым саат калганда колдонуу сунушталат

Анар ширеси

Мээдеги кан тамырларды тазалоого алма, сабиз жана анар ширеси дагы пайдалуу. Ал үчүн тамактанууга жарым саат калганда жарым стакандан алардын ширесин ичүү кажет. Маселен бир күн алма, бир күн сабиз жана кийинки күнү анар ширесин ичүү сунушталат

Бал жана пияз ширеси

Бир стакан табигый таза балга үч чоң кашык пияз ширесин кошуп аралаштырып аласыз. Даяр аралашманы күнүгө бир чай кашыктан үч маал тамактын алдында ичүү керек. Бул аралашмалар мээдеги кан тамырларды тазалоо менен иммунитетти көтөргөнгө дагы жардам берет.

Заман кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.