УКМК: Каракол шаарында мыйзамсыз иштеген диний билим берүү мекемеси аныкталды

0

2024-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесин аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, көрсөтүлгөн диний мекеме өз иштерин дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат документтери жок жүргүзүп келген.

Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык жашы жете элек балдар билим алып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.