Апасы балдарды куткарам деп кирип, ал дагы каза болду. Ысык-Атадагы өрт

0

Кечээ, 13-декабрда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында сарай өрттөнүп, 4 киши каза болду. Алардын үчөө жаш балдар.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жалпы аянты 320 чарчы метр сарай күйүп, анын кесепетинен 1995-жылы туулган келин, 2016-жылы туулган кыз, 2014-жылы туулган жана 2017-жылы туулган жаш балдар мерт болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, эки бала 1995-жылы туулган келиндин балдары болсо, бир жаш бала курбусунун баласы болгон.

Үй өрттөнүп баштаганда аталган келин балдарды куткарам деп кирип, ал дагы каза болуп калган.

«Бул-үй бүлө ошол жерде малчы болуп иштешчү. Күйөөсү ошол күнү унаа базарга кетиптир», — деп билдиришти айыл тургундары.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.