Кыргыз эстрада ырчысы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу маалымат берди:
“Ассолому алейкум, кыргыз эли! Бул видеону менин келинчегим Асел Кадырбекованын ден соолугуна байланыштуу кыскача маалымат бере кетейин. Өзүңүздөр билгендей, Аселянын кырсыктаганына 2 айдын жүзү болуп отурат. Ошол күндөн бери, бүтүндөй кыргыз эли, тууган-урук, достор, коллегалар кыжаалат болуп сурап жатышат.
Аселя азыр күндөн-күнгө Кудайым буйруп, жакшы болуп келе жатат, жылыштар бар. Бирок, толук өзүнө келиш үчүн бир аз убакыт керек. Кудайга шүгүр, азыркы тапта кызы менен ойноп, өзү тамак ичип, өзү басып, биз менен сүйлөшүп сүйүндүрүп жатат. Аллах Таалама чексиз шүгүрчүлүктөрдү билдирем. Жана экинчиден себепчи болгон жалпы дарыгерлерге өзгөчө Сабырбек Жумабековго терең ыраазычылык билдирем.
Андан сырткары алакан жайып дуа кылып, намаз окуса дагы “Аселдин ден соолугу жакшы болуп кетсин” деп кыжаалат болгон кыргыз элинин кылган дуалары биз үчүн болсо, сиздердин үйүңүздөргө эки эселеп кайтышына чын жүрөгүмдөн тилектешмин.
Мындан ары жакшы күндөр болсун. Сиздердин жакшылыгыңыздарда биз Асел экөөбүз жетелешип, чыгармаларды тартуулап жүрө берели. Буюрса, баары жакшы. Асел өзү жакшы болгондо видеокайрылуу менен ыраазычылык билдирет”,- дейт ал
Булак Барс Медиа