Ошентип президенттике ат салышуу жарышы старт алды. Бул жолку президенттик шайлоо өзгөчө тарыхый шартта, өлкөбүздүн тагдыры өзгөчө абалда турганда өткөнү турат. Көпчүлүк кызуу колдоого алып жаткан, эл өзү сүрөп чыккан, негизги талапкер Садыр Жапаров үгүт кербенин символикалык түрдө Кыргыз элинин башын кошкон айкөл Манас атанын, кыргыздын жүзү жана үнү болгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, эл үчүн өмүрүн берген тайманбас баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин мекенинен баштады.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн уюткусу, биримдиктин, ынтымактын ордосу болгон касиеттүү Талас жеринен үгүт компаниясын баштап жатышы да жөрөлгөлүү мүнөзгө ээ. Ар бирибиз үчүн ыйык деп саналган Манас Ордодо Манас атабыздын жана өтүп кеткен ата – бабаларыбыздын арбагына багыштап куран окутуп, улуу ишке аттанды.

Манас ордодон чыгып Садыр Жапаров Таластын борбордук стадионунда чогулуп,чыдамсыздык менен күтүп турган миңдеген шайлоочуларына барды. Жаңы тарыхты, жаңы баракты баштоочу катары зор үмүт жандырган Садыр Жапаровду эл чыныгы кубаныч, кол чабуулар менен тосуп алды.
30 жылдан бери өзгөрбөгөн өлкөбүздө жаңыланууну, жакшы жашоону күтүп чарчаган эл, бүгүн Садыр Жапаровго өзгөчө ишеним артып, андан эртеңки жакшылыктын, татыктуу жашоонун илебин күтүп турат. Элдин ишеними – Садыр Жапаров үчүн курулай сөз эмес.
“Адам баласындагы эң ыйык, эң аруу тилек – мына ошол ишеним! Ишеничтен кетпейли! Ишеничти актайлы! Талас эли эзелтен акыйкатты, калыстыкты сүйгөн, адилеттүүлүктү сүйгөн журт! Бүгүн мен, Сиздердин ишеничти, үмүттү актоо үчүн батаңыздарды сурап, алдыңыздарга келдим!” – деди.
Эч кандай жасалмалуулугу жок, жүрөктөн чыккан бул сөздөр чындыкты сүйгөн, акыйкаттыкты туу туткан таластыктарга майдай жагып, сүрөп, коштоп турушту.
Андан ары талапкер Таластагы негизги көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеп улады.

Буга чейин оңго-солго ар кимге сатылып келген кен байлыктарыбыз эми элдин кызыкчылыгы үчүн иштээрин, жергиликтүү элдин пикири, экология маселеси сөзсүз башкы орунда болоорун ачык айткан Садыр Жапаров Таластагы кен байлыктар боюнча бабабыздан бизге аманат калган ушул кен байлыктарды туура пайдаланып, келечекти куралы “Жер-Үй маселеси, Талды-Булак – биздин талылуу маселебиз! Ата-!” – дегени да көпчүлүккө жакты.
Садыр Жапаров кайрылуу сөзүнөн кийин элдин ар кандай суроолоруна жооп берди. Арасындагы “Курманбек Бакиев Сизди каржылап, колдоп жатат деген чынбы?”– деген суроого “Бул карандай калп. Ушунча элдин алдында, Кудайдын алдында туруп айтып бере алам, эч кимден мен бир тыйын алган жокмун, эч ким мени каржылаган жок. Ооба, убагында Бакиев менен иштешкем. Бирок аны менен мен эле эмес Кыргызстандын 90 пайызы иштешпедиби. Бакиев менен иштешкенде анын камчысын чаап, мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына каршы келген, Бакиевдер үчүн даярдалган маселелерди колдоп берген эмесмин. Мыйзамдын чегинде өзүмдүн милдетимди аткарып иштегем. Коррупцияга каршы комиссариатты жетектедим. Элибизде жакшы сөз бар эмеспи, “Аты улук, супарасы курук” деген. Мен жетектеген кызмат ошондой кызмат болчу. Эч кандай тергөө же оперативдүү иштерди кыла алчу эмесмин. Болгону компьютерден гана мониторинг кылып отурган кызмат болчу. Ошого карабастан бир топ соттордун, прокурорлордун, мэрлердин, губернаторлордун, акимдердин былык иштерин ачып, колдон келишинче иштегенбиз. Ишибиздин жыйынтыктары видео түрүндө отчёт болуп КТРКнын архивинде азыркы күнгө чейин сакталып турат. Ал убакта азыркыдай интернет өнүгө элек эле. Маалымат элге бүгүнкүдөй жеткен эмес. Бир топ маанилүү иштерди кылганбыз” – деп жооп берди.
“Бийликке келгенден кийин жакындарыңызды, кудаларыңызды чоң кызматтарга коюптурсуз. Үй бүлөлүк башкарууга багыт алган жоксузбу?” – деген суроого:“5-октябрь күнү болгон кырдаалды өзүңүздөр көрдүңүздөр. 2010-жылдан да катуу болуп кетиши мүмкүн эле. Бийлик көзөмөлдү толук колдон чыгарып ийди. Мындай учурда талап-тоноочулуктун, кылмыштуу иштердин алдын-алынышы керек эле. Абалды колго ала турган УКМКнын, ИИМдин башчыларынын дайыны ушул күнгө чейин жок. Элимдин колдоосу менен бошоп чыктым. Жоопкерчиликти алдым. Ошол кезде кырдаалды жайгарыш үчүн ишеничтүү кадрларды койдум. Аларга тапшырма бердим. Ошондо эки кудам бийликке келип калыптыр. Күнү-түнү иштеп мага жардам беришти. Ошолордун бири мага оппозиция болуп жүргөн адам. Бирок таза, колунан иш келген инсан. Ошондуктан кызматка дайындадым. Бирок мунун баары убактылуу гана. Үй-бүлөлүк башкарууга мен өзүм да каршымын. Шайлоодон кийин мейли министрби, акимби, же башкабы баары ачык сынак менен кызматка келет. Ар бир кадрды элдин, комиссиянын тандоосу менен алабыз. Бир тууган, куда-сөөк деп бийликке койбойбуз» — деп жооп берди.
Талапкердин “Кыргызстан эли саясий бөлүнүүлөрдөн, жакырчылыктан, адилетсиздиктен, бийликтин жоопкерсиздигинен арылышы керек!” деген жалындуу ураандары ар бир айтылган сөздөрүнүн негизи болуп коштолуп турду.
Кыргызстандын президенти болуу – Кыргызстан элине кызмат кылуу! – Садыр Жапаровдун кайткыс позициясы.
Жоопкерчиликсиз бийликти жоюу үчүн!
Садыр Жапаров үчүн!
Булак: Kaktus.media