Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулууда

0

Ысык-Көлдүн жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштар аныкталып, бузулууда. 28-апрелде Президенттин Ысык-Көл облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев мыйзамсыз деп аныкталган курулмалардын ээлери жана ижарачылары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, көл жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.