Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кыргыз медицинасынын тарыхында биринчи жолу сөөк чучугун алмаштыруу үчүн өзөктүк клеткалар алынды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
2-октябрда аталган борбордо Ходжкин лимфомасы же без шишигинен жабыркаган 14 жаштагы бейтап кыздан өзөктүк клеткалар алынган. Бул сөөк чучугун аутологиялык алмаштырууга даярдык болуп саналат.
«Сөөк чучугун аутологиялык алмаштырууда адамдын өзүнүн өзөктүк клеткалары колдонулат. Бул иммунологиялык жактан тобокелдиктин алдын алып, дарылоонун таасирин жогорулатат. Беш курс химиотерапия алган бейтап бул маанилүү операцияга даяр жана бул процедура сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.
Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Шайырбек Сулайманов трансплатация 2-августта башталганын, бирок бейтаптын башка оорусу күчөп кеткендиктен дарылоо жылдырылганын билдирген.