Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндөгү бейтап, медиктерге коронавирус кантип жукканын түшүндүрүп берди.
Эске салсак, 20-май күнү кечинде ПЦР-тесттин жыйынтыгы онкология бөлүмүндөгү 14 кишиде коронавирус бар экенин көрсөткөн. Анын ичинен сегизи бейтап бала, үчөө аларды караган ата-энелери, үчөө медицина кызматкери болчу. Акыркы маалыматтар боюнча ушул эле бөлүмдө иштеген дагы эки медиктен коронавирус табылган.
Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус бул бөлүмгө ал жакта небереси менен дарыланып чыгып кеткен аялдан жуккан.
Ал азыркы тапта балдар онкологиясынын биринчи кабатында коронавирус жуктурган бейтап балдар компекстүү дарыланып жатканын айтты. Ал эми экинчи кабатында анализи таза чыккан рак менен ооруган бөбөктөр дарыланууда. Дарыгерлер казармалык режимде иштеп жатканы маалым болду.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.