Жалил Атамбаевдин тойундагы кызыктуу көрүнүштөр

0

Жалил Атамбаевдин тойунан кызыктуу көрүнүштөр орун алды. Бүгүн өлкөбүздөгү фейсбук колдонуучулары түштүктөгү белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин тойунан тартылган сүрөттөрдү активдүү бөлүшүп, кызуу талкууга алып жаткан учур. Тактап айтканда, социалдык тармак колдонуучулар иш-чарага Ош шаарынын экс-мэри М.Мырзакматов келгендигин, учурдагы мэр, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-башчысы дагы катышкандыгын белгилешти. Дагы бир сүрөттө И.Матраимов, И.Жунусов, А.Касмалиева жана башкалар көрсөтүлгөн.
Социалдык тармактарды колдонуучулар белгилегендей, саясатчылар элдин алдында бири-бирине курч сын айтып, жаакташканга чейин барышканы менен минтип чогуу басышат.
Комментарийлерден мисал келтирсек: 1.»Буга жол берилбейт, ага жол берилбейт» деп акулдуусунуп, эң көп кыйкыргандар минтип элди алдап, элдин артында ар кандай былык иштерин жасай беришет. 2. Кантип Аида Касымалиева Матраимовдор менен чогуу отурат, ал эми депутат айымдын сиңдиси Азаттыктын учурдагы жетекчиси Айзада Касымалиева болсо маалымат мейкиндигинде Матраимов кланынын артынан сая түшүп, болуп көрбөгөндөй упай топтоп жүргөн кези.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.