Кечээ, 14-декабрда Кызыл-Кыя шаарында тооккана өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык шаардын Кыргызстан көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 180 чарчы метр тооккана толугу менен жана 300 тоок күйүп кетти. Өрт саат 18:15те толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.


Булак Турмуш кж