Жаңы паспорт 2021-жылдын апрель айынан баштап берилет (сүрөт)

0

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык-электрондук паспорттор 2021-жылдын 1-апрелинен тарта берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаңы паспорттордо коопсуздук тутуму өркүндөтүлгөн.

«2015-жылы өкмөт биометрикалык-электрондук паспортторду киргизүү боюнча чечим кабыл алган. 2016-жылы долбоор Мекемелер аралык комиссия тарабынан жактырылган. 2018-жылы бланктарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлдү. Соттук териштирүүлөрдөн улам, бул кечеңдетилген. 2019-жылы Жогорку Сот өткөрүлгөн тендерлерди белгиледи», — деди ал.

2020-жылдын март айында Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, тендердин жыйынтыгында германиялык компания утуп алган. 2020-жылы май айында келишим түзүлгөн.

«Пандемия болгондуктан, жумуш онлайн режиминде жүргүзүлдү. Сентябрь айында долбоордун үлгүлөрүн таштап, бекиткенге жетиштик. Сигналдын бланктары алынды», — деди ал.

Ошондой эле жалпы жарандык паспортту алуунун жалпы наркы миң сомго барышы мүмкүн. Жаңы паспорттун жасалуу наркы 402 сомду түзгөн 34 беттик жана 470 сомду түзгөн 50 беттик 2 варианты бар.

Бул паспорт — заманбап талапка ылайык өркүндөтүлгөн паспорттордун бири. Электрондук паспорттордун башкы артыкчылыгы — 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтеринин колдонушу, жана паспорттун мукабасында электрондук чиптин болуусу. Материалды жасоодо жана жеке маалыматтарды түшүрүүдө лазердик технологиялар колдонулган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.