Элдин кулу — Слуга народа!

0

Ошентип президенттик шайлоо өнөктүгү башталды! 2017 жылкы президенттик шайлоо эске түшөт, ал кезде Бабанов менен Жээнбековдун жарышы, кармашы, талашы катуу жүрүп жаткан кез эле. Бир Кара-Кулжалык ага менен тар чөйрөдө кыска баарлашып калдык! Бабановдун атасын тааныйм, өзүн билем, Сооронбай утуп келсе иниси Асылбек жёстко башкарат ж.б. кептер айтылып анан “иним ачык эле айтайын, ага ининин кимиси башкарсада, кандай башкарсада бул жолкуда мен трайбалист болом. Кара-Кулжадан падыша чыга элек бизден да ажо чыксын мен Кара-Кулжалык болгон үчүн Сооронбай Жээнбековду шайлайм” деди! Ошентип С. Жээнбеков президент болду, Сооронбайдында, Асылбегинин да башкарганын көрдүк. Толук отурбай, башкарбай үч жылдан кийин элдин талабы менен президенттигин өткөрүп берди! Ошондо интернет айдыңында, ватсаптан баарыбыз эле угуп калдык. Азил чыны аралаш мен эми кантип Кара-Кулжалыкмын деп айтам деген билдирүүлөр жүрдү! Менин ойумча, баягы мага трайбалист болом деген Кара-Кулжалык ага деле тебетейин жерге чаап сөгүнүп жүргөн чыгар!
Садыр Жапаров жаңы Өкмөт Башчысы болуп шайланып аймактарды кыдырып жүрүп, жаңылбасам Нарын жергесинде болуш керек эле. “Эгер шайлоодо шайлап берсеңер ажооңор болуп иштеп берем, шайлабасаңар катарыңарда боломун” деп айтты! Байкасаңар ажооңор болуп деп жатат!
Мындай түшүнүк жалгыз эле Садыр мырзага тиешелүү эмес, баардык эле кандидаттарда бар экенин баарыбыз эле билип турабыз. Кандидаттарда эле эмес, биздин уруудан, биздин айылдан, биздин дубандан, андан өтсө түндүгүбүздөн же түштүгүбүздөн падыша, ажо чыксын, болсун деген түшүнүктөр кыргыз коомчулугунда калыптанып калды! Кыргызда «Улук болсоң, кичик бол», «Бөтөн жерде султан болгончо, өз элиңде ултан бол», «Элдин кулу бол» деген эзелтеден айтылып келе жаткан, кылым карыткан, каада салтыбызга сиңген макал лакаптар бар!
Эми падыша, ажолукту бир аз талдайлы. Биздин тарыхта жана башка элдерде, коомчулукта падышалык атадан балага мураска өткөн бийлик! Биздин ар бир президент болуп келген, экономиканы оңдойм, мамлекетти күчтөйм деген уул, кыздарыбызды ажо, падыша дегенибиз туура эмес!
Падышалык атадан балага мураска өтөөрүн жакшы билип туура түшүнүп, аны иш жүзүнө ашырууга аракеттер кечээ жакынкы тарыхыбызда болгон! Курманбек Бакиев президенттик бийликти баласы Максимге өткөрүп берүүгө аракет кылганы баарыбыздын эле эсибизде болсо керек! Аны иш жүзүнө ашыруу кайсыл бир чакырылыштын депутаты, тарыхчы Зайнидин Курмановдун колу, кээ бир профессорлорубуздун оозу менен атадан балага падышалык өткөн тарыхыбызда бар деп, баш мыйзамды өзгөртүүгө аракеттер болгон! Эгерде ошол кезде ыңкылап болбогондо К. Бакиев төрүбүздө тун падышабыз болуп, баласы Максим баласы чоңойгонго чейин падышабыз болуп башкарып турмак эле!
Сунуш. Кыргыздар, кызмат кылып берем деген уул, кыздарыбызды падыша, ажо дебей эле «Элдин кулу» деп айталы! Мүмкүн ошондо элге кызмат кылып берем деген чыныгы азаматтарыбызды биздин уруудан, айылдан, аймактан деп айтпай, бөлүнбөй элге кызмат кылып берчүү чыныгы «Элдин кулу» ушул деп, иштеп берчүү атуулубузду шайлап алабыз!


Данияр Бусурманалы

Get real time updates directly on you device, subscribe now.