БИШКЕКТЕ АЯЛ КӨЧӨДӨ ЖЫГЫЛЫП КАЗА БОЛДУ (ВИДЕО)

0

Бишкекте Байтик баатыр менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде аял киши каза болуп калды. Белгилүү болгондой, маркум өнөкөт оорусунан улам көчөгө жыгылган.

Тез жардам борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдиргендей, болжолу 40 жаштагы аял күтүүсүздөн көз жумган.

«Окуя болгон жерге реанимациялык топ тез арада жетип барган, маркумду туугандары коштоп жүрдү. Тилекке каршы, аялды сактап кала алышкан жок. Бул окуя бүгүн саат 12.00 чамасында болду», – деди Егор Борисов.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.