39 жылкы, 26 топоз жетпейт. Ала-Арча паркында мыйзам бузуу аныкталды

0

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында одоно мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамсыз байыган ЖК депутатынын мулкү

Мыйзамсыз байыды делген ЖК депутатынын мүлкүнүн тизмеси жана сүрөттөрү
Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында парктын балансында турган мал-жандыктын саны эсептелип, 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталган.
Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатканы айтылды.

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.