Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен алгач кайсы аймактарга коронавируска каршы эмдөө пунктулары ачыларын айтышты.
Бардык региондордо эмдөө иштерин уюштуруу боюнча медиктерди окутуу тренингдери башталды.
Вакцинациянын алгачкы этабы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда ишке кирет.
- Бишкек шаарында алгачкы беш пункт төрт Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ачылат;
- Чүйдө Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
- Ошто №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.
Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.