Экс президенттерге кандай мамиле керек?

0

Кудай буйруп, чоң үмүт менен татыктуу жашоо үчүн Садыр Жапаровду шайлап алдык! Үмүттү актап эл үчүн иштеп берсе бери жагы беш жыл, ары кетсе он жыл ошол аралыкта кыргыз коомчулугундагы мактоолор, сын пикирлер, чабылган камчыларда ушу кишиге багышталат! Баш сөздө жазылгандай экстерге, экс президенттерге кыргыз элинин мамилеси кандай болуш керек? Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, Өкмөт Башчысы болуп иштеп, эми шайлоого аттанаарда “мен кечирдим, эгер менин ойума койсо А. Атамбаевди үй камагына эле чыгарып коймокмун” деп айтты. Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда, Өкмөт Башчысы катары минтип айтканга укугу жок болучу. Кийин президенттик мөөнөтү бүткөндө катардагы жаран катары АШАны кечиреби, кечирбейби жеке иши болмок! Албетте биздеги дүжүр болуп калган, күн карама соттор көпкө созбой АША ны Батукаев бойунча соттолгондугун жокко чыгарып кайра биринчи инстанцияга жөнөттү! Мүмкүн үй камагына чыгарып койот беле. Интернеттеги Садыр мырзанын тарапташтарынын чоң нааразычылыгыгынан кийин токтоп калды. Мыйзам баарыбызга бирдей, мыйзам бузган болсо жооп бериши керек деп айта албады! Антип Сооронбай Жээнбековго экс статусу берилбеши керек дегендерге да айта албады. Ырым кылдым, экөөбү качып жүрөт бирөөсү камакта, токтолсун дегендей айтты. Булар кана эмес, шайлоо учуранда Бакиевди да көпчүлүк кааласа алып келем деп дагы убада берип койду! Мындан жаңы шайланган президенттибиздин экстерге болгон өзгөчө мамилесин байкасак болот. Эртеңки өзүнүн экс болоорун ойлоп жатабы ( бир жагынан ойлогону дурус) же чындап эле экстерге өзгөчө мамиле камкордук болуш керек деп эсептейби? Азияда экономикалык секирик жасаган беш жолборстун бири болуп саналган Түштүк Кореяда, жемкор президенттерге кандай мамиле кылышканынан бир аз учкай кеп болсун. 1948-жылы Жапан окупациясынан бошоп өзүнчө мамлекет куруп туңгуч президенти шайланат. Ал президенти кудум биздин туңгуч президентибиздей болуп өлкөсүн таштай качат! Кийинкисин өзүнүн ишенген жакын адамы атып өлтүрөт, кийинкиси өлүм жазасына тартылат, андан кийинкиси өмүр бою эркинен ажыратылат, дагы бирөөсү узак мөөнөткө кесилген жатат ж.б . Түштүк Кореялыктар жемкор, элинин келечегин ойлобогон президенттер менен кантип күрөшүүнүн үлгүсүн көргөздү десек болот жана ошонун негизинде экономикалык секирик жасай алышты! Кыргыз коомчулугунда » Султан сөөгүн кордобойт.» деп С. Жээнбековдун учурунда А. Акаевдин, С. Жапаровдун учурунда К. Бакиевдин кайтып келишине шарт түзгөнгө аракет кылган топтор бар экени көрүнүп, билинип эле турат. Биздин султан сөрөйлөүбүз жемкор, ууру, өз элин аткан каракчы болуп жатса каяктагы султандык?! Туңгучубуз үй бүлөсүн, уул кызын тыя албаса, кийинкиси иниси менен уулун тыя албай, тыймак түгүл менин бир тууган уулдарым акылдуу болсо эмне кылайын деп, камактагысы болсо жемкорлуктун жаңы түрүн шоопур, эки жан сакчы, завзоз, секретар менен жештин жаңы түрүн ойлоп тапты. Анысы менин жеке баамымда үй бүлөлүк кланданда коркунучтуу болуп чыкты.
Макул келишсин бирок биринчи Кумтөрдөн алган алтындарын, уурдаган акчаларын мамлекеттибизге кайтарып бершсин. Андан кийин кана курларын мойнуна салып кечирим сурашса, кыргыз эли айкөлдүгүн көргөзөөр.
«Экс» терге кандай мамиле болушун эл өзү эле тастыктап, баалап, таразалап койуп жатат! Эл каалабаса Жогорку Кеңеш бекитип берген мамлекет мойнуна алчу мамиле, камкордуктун бири да жардам бере албасын отуз жылдык таарыхыбыз тастыктап турат.

Данияр Бусурманалы

Get real time updates directly on you device, subscribe now.