Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат

0

Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталат.

Тестирлөө 18-майдан 25-июнга чейин үч этап менен өтөт. Биринчи этап 18, 19, 20-майда, экинчи этап 22, 23, 24-майда, III этап  жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда.

Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Кыргызстанда 2022-жылдан бери жалпы республикалык тестирлөө жылда эки жолу өткөрүлө баштаган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.