Гинекологдун өкүнүчү: Аборт кылган түйүлдүк эркек экен, денем титиреп чыкты…

0
Бул кайгылуу окуяны Сулайман ажы өз баракчасына жазып чыкты.
Бул окуяны гинеколог өз оозунан айтып бергени жана жашообузда  болуп өткөндүгүн баса белгилемекчибиз. Гинеколог аял сөзүн ушундай баштады: “Кесибим гинеколог болгон үчүн аялдарга акушердик кылуудан тышкары, аборт менен да шугулданат элем.
Күндөрдүн биринде ооруканада нөөмөттө элем. Бөлмөмө орто жаштагы эрди катын кирип келишти, көрүнүшүнөн абдан бай үй-бүлө экени көрүнүп турат эле. Алар бир зарыл өтүнүч менен келишкенин айтышты. Мен кандай өтүнүч экен десем, аялы бойдон алдырышым керек деди. Аялдын көрүнүшүнөн түйүлдүк 4-5 айлыкка жетип калган. Мен башында макул болбодум. УЗИ аппаратында текшерсем, мен айткандай, түйүлдүк 5 айлык болуптур. Мен аларга түйүлдүк кыйла чоңоюп калыптыр, 3 айдан кийин түйүлдүктү алдырып салууга болбой турганын айтып, аларды бул пикирлеринен кайтарууга аракет кылдым. Бирок эрди катын менин сөздөрүмдү түшүнгүсү да келбеди. Алардын 4 кызы болуп, аял кош бойлуу болгондон бери көп жолу текшерүү аппараттарына түшкөн экен. Бардыгында бир эле нерсени айтышкан, «боюңдагы түйүлдүк кыз бала!». Өзү негизи түйүлдүк 3 айлык маалында жынысын анык билсе болот. Булар болсо текшерүүдөн-текшерүүдө жүрө беришип түйүлдүк 5 айлык болуп калганын байкабай да калышкан. Күйөөсү болсо дагы кыз көрүп, 5 кызы бар деген сөздөн «намыстанып» кантип баш көтөрүп жүрөм, деп мага көп акча убада кылды. Мен бир аз ойлонуп калдым да, аларга айткан сөздөрүмдүн пайдасы болбогонун түшүндүм. Напсимди башкара албай, аборт кылууга макул болдум. Бардык даярдыктардан кийин мен аялды аборт кыла баштадым. Түйүлдүк чоң болуп калганы себептүү, баланы бөлүп-бөлүп чыгарып алууга аракет кылдым. Аборт абдан кыйын өттү. Мен канчалык кыйналсам, аял менден да катуураак кыйналат эле. Ошол учурда күтүлбөгөн нерсе болду. Баланын белинен ылдыйкы бөлүгү бүтүн абалда түштү. Көздөрүмө ишене албадым, түйүлдүк эркек бала экен. Колдорум титиреп, ичимди муздак суу каптагандай, ордумда катып калдым. Бир аздан кийин аялга түйүлдүктү көрсөттүм. Ал үнүнүн барынча катуу бакырып жиберди. Муну уккан күйөөсү өзүн коёрго жер таппай калды. Бул окуядан кийин мен ооруканага көпкө чейин бара албадым, колум ишке барган жок. Канчалык заманбап техника болсо да, түйүлдүктүн эркек же кыз экендигин так айтып бере албайт экен жана бул нерсе Аллахка гана таандык экенин түшүндүм. Башка аборт кылбоого өзүмө сөз бердим.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.