Бүгүн, 2025-жылдын 6-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы, генерал-полковник К.К.Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы эки ири турак жай комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Долбоор боюнча, биринчи объект: Ж.Аманбаева көчөсүндөгү турак жай комплекси шаардын түндүк бөлүгүндө, 11,9 гектар жер тилкесинде жайгашкан. Бул жерде ар бири 12 кабаттуу жана жер төлөсү бар 32 турак жай блогу жайгашат, жалпысынан 1850 батирге ылайыкташкан. Комплексте ошондой эле 750 орундуу мектеп, 280 балага ылайыкталган бала бакча, оюн аянтчалары, спорт аянтчалары, эс алуу зонасы, машыгуу аянты, коммуналдык жана көмөкчү жайлар, жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар болот.
Экинчи объект Далбаев көчөсүндөгү 8 гектар жердеги турак жай комплекси, ал жерде 1620 батирден турган, жер төлөсү бар, 12 кабаттуу турак жай блогун куруу иштери каралган.
Аталган объектилер толугу менен жашылдандыруу менен камсыз болуп, унаа токтотуучу жайлары, заманбап оюн аянтчалары, спорт аянтчалары, жер асты менен кетүүчү тутумдар, жылытуу жана суу менен камсыздоо, электр энергиясы жана коммуналдык системалардын толук түзүмүнө туташтырылат.

УКМК Төрагасы К.Ташиев аталган объектилердин курулуш иштери менен таанышып чыгып, турак жайлардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле, генерал-полковник иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, курулуш объектилеринин жарымы 2026-жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүлүп, тургундарга өткөрүлүп берилерин маалымдады.