Мен 27 жаштамын, турмуш курганыма 9 жыл болуп калды.
2 уул 1 кызым бар, жакында эле төрөдүм. Менин көйгөйүм күйөөм көп ичет, ичсе да үйгө тынчтык бербейт, жиндейт, сындырат. Үйдө бир бүтүн нерсем калбады, кечээ да мас келген экен, тамак ичесиңби десем эле, өзүнөн өзү эле жини келип сөгүнүп баштады эле, кайненемдин бөлмөсүнө качып кирип кеттим, ошо жака барып алып, «кет эле кет» деп жиндеп баштады эле, 1 айлык баламды, кызымды алып алып качып, апамдын үйүнө баса бердим. Ишенсеңиздер ушунча көңүлүм калды. Кечээ отун аралаган бензапиласын тарылдатып иштете баштаганда, кайненем качып кетип калчы дегенинен, качып баса бердим. Эми эмне кылсам, үйгө баргым келбей калды.
Нурай