Чүйдөгү ишкердин 20 миң тоогу кырылып калды. Сүрөт

0

Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын «Восход» дачасында жеке ишкердин 20 миӊ тоогу 2-3 күндүн ичинде кырылып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, ал өлгөн тоокторду жерге көмүп жоготпостон, таштанды жайга үйүп таштаган.

Ал эми Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аталган тоок фермасы каттоого турган эмес.

«Ошол дачанын жанында жана тоонун боорунда биздин акыр-чикир таштоочу жайыбыз бар. Ал чоӊ казылган бир аӊ. Аны эл 30 жылдан бери колдонуп келишет.

Жеке ишкер «Ала-Тоо» акционердик коомунан ижарага сарай алып, тоок фермасын иштетип жатыптыр. Бизге расмий түрдө каттоого турган эмес экен. Бир жолу гана бир келишимге мөөр бастырып кеткен. Бул ишти баштагына 1 жыл болуп калды. Жакында эле, 2-3 күндүн ичинде тоогунун баары кырылып калыптыр. Өзү дагы тооктору эмнеден өлгөнүн билбей жатат. Азыр анализдер экспертизага кетти. Анын жыйынтыгы ушул айдын аягында даяр болот. Мамэкотехинспекция ишти көзөмөлгө алды. Ошондой эле тооктордон ар кандай жугуштуу оорулар тарабашы үчүн алдын ала чара көрүп, иш алып барган атайын агенттик бар экен. Алар тоокторду өрттөп жоготуудагы чыгымдарды каржыламай болушту», — деп айтылат маалыматта.

Булак Турмуш кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.