Экс спикер Мукар Чолпонбаевди дарылоо оор өтүүдө

0

2020-жылдын 5-майында COVID-19 инфекциясы диагнозу менен ооруканага коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөн. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтапты дарылоо оор өтүүдө.«Анын ден соолугунун начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Экс-спикер илдетти кандайча жуктуруп алганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.

Мукар Чолпонбаев 70 жашта. Жогорку Кеңештин төрагасы, юстиция министри кызматын аркалап, бир канча чакырылыштагы депутат болуп шайланган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.