Имунитетти көтөрүү боюнча төрт кеңеш

0

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган эпидемиянын алдында ооруларды алдын алуу, ден-соолукту туура сактоо, иммунитетти көтөрүү сыяктуу маселелер күн өткөн сайын актуалдуу болуп жатканы чын.

Эл арасында «Ооруп дарылангана, оорубай турган жолду изде» дейт. Байкап караган адам үчүн анын жолу оор эмес. Күнүмдүк жашоодо жетиштүү уктап, бир нече мүнөт спорт менен машыгып жана мээни машыктыруу жетиштүү.

Ошентип:

Күн тартибин сактагыла

Ар бир адам күн тартибинде жумушка, эс алууга жана тамак-ашка убакыт бөлүшү керек. Бул тартипти сактабагандар жуманын аягында жумуштан чарчап калышат. Натыйжада, сиз ачууланып, ал өз кезегинде нерв системасына таасир этет. Мындай адамдар стресске жакын болушат.

Жетиштүү уктоо

Бул иммунитетти көтөрүп, эс тутумду жакшыртат. Адистер күнүнө 8 саат уктоону сунушташат. Бул жерде дагы режимди сактоо маанилүү. Күн сайын бир убакта ойгонуп, бир убакта турууну адат кылыңыз.

Мээңизди машыктырыңыз

Сиз билбеген тармакты өздөштүрүүгө аракет кылыңыз. Тил үйрөнүү, кызыктуу тренингдерге катышып, акыл эсиңиз менен доклад жасаңыз. Илимпоздордун айтымында, бул иш-аракеттер жаш кезинде мээнин регрессия процессин жайлатышы мүмкүн. Метаболизм жана жүрөктүн кагышы дагы кадимки калыбына келет.

Спорт менен машыгуу

Окумуштуулар күнүнө 10 мүнөт спорт менен машыгуу өмүрдү узартарын далилдешти. Гимнастика, жеңил атлетика, кыймылдуу оюндар — мунун бардыгы жүрөк-кан тамыр системасына гана эмес, өпкөнүн жана кыймыл-аракет тутумунун жакшырышына да чоң таасирин тийгизет. Чуркоонун нерв жана эндокрин системасы үчүн көптөгөн пайдасы бар экени далилденди.

Заман кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.