Кыргызстандык урологдор Түркияга бөйрөк алмаштыруу боюнча окууга барат

0
Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
«Улуттук госпиталдын сегиз дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар Түркиядагы органдарды трансплантациялоочу алдыңкы клиникалардын биринде окуп келишет. Төрт урологдон турган топ бүгүн, дагы төрт дарыгер бир айдан кийин учуп кетет», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда даярдалган адистер окутуудан кийин Кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай турганы айтылды.
Буга чейин Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган.. Алгач акысыз 50 операция жасоо пландалган болсо, эми гемодиализ алып жаткан бардык 2 500 бейтапка бекер операция жасоо керектиги айтылган. Бөйрөк алмаштыруу операциясына мамлекет бир бейтапка 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.