Коранавирустун дагы жаңы белгилери айтылды

0

Британиялык илимпоздор инфекция жукканын үч жаңы белги аркылуу аныктаса болорун билдиришти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий кеңешчи топтун өкүлдөрү британиялык окумуштуулардын баяндамасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Адистердин айтымында, булчуңдардагы оору, чарчоо, буттардагы ыйлаакчалар пайда болсо дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени инфекциянын белгилери бейтаптын жашына жана анын организминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай мүнөздө болушу мүмкүн.

Антсе да Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги оорунун жаңы белгилери катары жогоруда айтылгандарды кабыл ала элек. Учурда Лондон инфекциянын белгилери жогорку температура, узакка созулган жөтөл деп эсептейт.

Пандемия башталгандан бери Британияда 570 миңден ашуун бейтап коронавируска чалдыккан. Жугуштуу оорудан 42 миңден ашуун адам көз жумган.

Заман кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.