Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында жаңы кирпич заводунун пайдубалына мезгил капсуласын салуу аземи өттү.
Маанилүү иш-чарага облус жана тиешелүү тармактардын жетекчилери,
өкүлдөрү, инвесторлор жана долбоордун жетекчилери, ошондой эле Айдаркендин тургундары катышты.
Бул жөн гана жаңы өндүрүш объектисинин курулушунун башталышы эмес. Бул — аймактын экономикалык өнүгүүсүндөгү жаңы барак, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.
Заманбап өндүрүштүн дал ушул Айдаркенде ишке ашып жатканы өзгөчө мааниге ээ. Аймакта өнөр жайды өнүктүрүү — Айдаркендин гана эмес, бүтүндөй Баткен облусунун келечеги үчүн маанилүү кадам.
«Бүгүн биз жөн гана мезгил капсуласын салбайбыз — Айдаркендин жаркын келечегинин пайдубалын түптөп жатабыз», — деп баса белгиледи өндүрүш долбоордун негиздөөчүсү Токтобүбү Оргалча капсула салуу аземинде сөз сүйлөп.
Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн АКШ долларын түзөт. Заводдо заманбап технологиялардын негизинде жогорку сапаттагы керамикалык кызыл кирпич өндүрүлөт.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 300–400 миң даана керамикалык кирпичти чыгарат. Өндүрүлгөн продукция курулуш тармагында кеңири колдонулуп, ички рыноктун сапаттуу курулуш материалдарына болгон талабын камсыз кылууга багытталат.
Заводдун ишке кириши менен аймакта 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт. Бул жергиликтүү калкты туруктуу жумуш менен камсыз кылууга, аймактын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана өндүрүш секторунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
Долбоордун ишке ашырылышы менен заманбап өндүрүш инфраструктурасы түзүлүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана сапаттуу курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүлөт.
Инвестиция көлөмү: $7 млн
Өндүрүш көлөмү: жылына 300–400 миң даана
Продукция: керамикалык кызыл кирпич
Жаңы жумуш орундары: 100гө жакын