Бишкек шаарында 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярданууга байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Ага ылайык, саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:
Аалы Токомбаев проспекти — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин;
Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.