Дарыгер коронавирустун жаңы штаммы кимдерде көбүрөөк кездешерин айтты

0

Коронавирустун жаңы штаммы көбүнчө өнөкөт, онкологиялык жана автоиммундук оорулары бар жана иммунитети төмөн адамдарда кездешет. Бул тууралуу РИА Новостиге «Медицинанын лидери», дарыгер-инфекционист Евгений Тимаков айтып берди.

«Мындай илдети бар адамдардан вирус оңой менен кетпейт, алсыраган организмди ого бетер кыйнайт. Андан тышкары, иммундук жооп болбогондуктан коронавирус мутацияланат. Мындайча айтканда, вирус денеде көбөйүп, жашай баштайт. Оорулуу адам аны башкаларга жуктуруп, коронавирустун жаңы штаммы тарап жатат», — деген Тимаков.

Ошол эле учурда дарыгер соо адам вирустун жаңы түрүн көп өлчөмдө жуктуруп алганда сыркоолой турганын айткан.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.