Кыргызстанда 2030-жылга карата улгайган адамдардын саны 7 пайыздан ашып, өлкө Бириккен Улуттар Уюму белгилеген калктын улгайуу чегинен өтөт. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасында калктын улгайышы жана жакырчылык» аттуу аналитикалык баяндамада айтылат.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башында өлкөдө 65 жаштан жогорку жарандардын үлүшү 6,4 пайызды же 475 миңден ашуун адамды түзгөн. Божомолдор боюнча, 2050-жылга карата бул көрсөткүч 10 пайыздан ашат.
Изилдөөдө улгайган курактагы адамдардын саны өлкөнүн жалпы калкына салыштырмалуу 3,4 эсе тез өсүп жатканы белгиленген.
Алсак, 2021–2025-жылдары Кыргызстандын калкы 7,25 пайызга көбөйсө, эмгекке жарамдуу курактан өткөн жарандардын саны 24,8 пайызга өскөн. Натыйжада 2026-жылдын башына карата алардын саны 737,2 миң адамга жеткен.
Аналитикалык баяндама Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоосу менен «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган.