Амирдин элесине скульптуралык портрет жасалууда

0

Белгилүү скульптор Тамила Маматова «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун скульптуралык портретин жасап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-ноябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Учурда мен Амирдин скульптуралык портретинин үстүндө иштеп жатам. Азырынча иштин жүрүшү ушундай. Мен үчүн бул жөн гана искусство чыгармасын жаратуу эмес, өзгөчө сезимдерди жараткан окуя. Жакында анын үй-бүлөсү менен жолугуп, ата-энеси жана жакындары менен тааныштым. Алардын айтымында, ал акылдуу, шайыр, ар дайым адамдар менен тил табышууга аракет кылган адам болгон.

Адамдын портретин жасап жатканда, алдыңда али жаш, бүтүндөй бир өмүрү алдыда турган адамдын элеси турганын түшүнүү өзгөчө оор», — деп билдирүү калтырган Маматова.

Эскерте кетсек, Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча паркына чуркоого кетип, кайра келген эмес. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусуна жакын аймактан табылган.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.