Улуттук банк 10 сомдук «Өрүкзар» коллекциялык монетасын чыгарды

0

Улуттук банк бүгүндөн тарта «Өрүкзар» деген аталыштагы күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бул «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы коллекциялык монета. Алдыңкы бетинде гүлдөгөн өрүк бутагы, арткы бетинде бышкан мөмөлөрү чагылдырылган.

Номиналы — 10 сом, салмагы — 28,28 грамм. Жалпы 1000 даана чыгарылган.

Монетаны Улуттук банктын кассаларынан иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин 8220 сомдон сатып алууга болот.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.