Ач карынга алма же башка жемиштерди жесе болобу?

0

Эгер алманы ач карын жесеңиз, ичиңиз ооруп, жел чыгып же ич өтүү башталат деген пикир бар. Кээ бирлери ал түгүл жемиштер ашказанда ачыта башташы мүмкүн деп да айтышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек сапатын көзөмөлдөө башкармалыгыжана дүйнөнүн алдыңкы аныктоочу клиникаларынын адистери бул боюнча эч кандай чектөөлөрдү коюшпайт. Тамак сиңирүүнү изилдеген илимпоздордон да ачка карынга алма жегенге тыюу салган эч кандай көрсөтмөлөрдү тапкан жокпуз.

Алманын курамында фруктоза бар — бул жемиштерде, балда жана жашылчаларда табигый түрдө кездешүүчү кант. Аз өлчөмдө бул зат ден соолугу чың адамдын абалын начарлатпайт.

Алма башка тамактар сыяктуу эле сиңет. Аны жеген учурдан тартып организмден чыгып кеткенге чейин болжол менен 36 саат өтөт. Анын ичинен алма ашказанда эки сааттай гана болот. Ошондуктан бул убакыттын ичинде ачып же чирип кетүүгө үлгүрбөйт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.