16-ноябрга карата аба ырайы

0

​Ысык-Көлдө катуу жаан-чачын күтүлүп, айрым аймактарды туман басат.
​16-ноябрда Ысык-Көл облусунун басымдуу бөлүгүндө жаан-чачын катуу жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми күндүз республиканын айрым аймактарын туман каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

​Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
​Аймактардагы абанын температурасы:
​Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө: +3…+8°С;
​Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында: +12…+17°С;
​Талас облусунда: +7…+12°С;
​Нарын чөлкөмүндө: +2…+7°С.
​Борбор калаа Бишкекте абанын табы +6…+8 градус жылуу болсо, Ош шаарында термометр көрсөткүчү +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.