Парламент өкүлдөрү №21 тергөө абагында мониторинг жүргүзүштү

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен биргеликте Бишкектеги №21 тергөө абагында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар камераларды кыдырып, камакта жаткан 10дон ашык жаран менен баарлашышты.

Жарандар соттук териштирүүлөрдүн создуктурулушуна, тергөөнүн калыс жүргүзүлбөшүнө жана медициналык жардамдын сапатына нараазычылыктарын билдиришти.

Камактагылар дарыгерлердин жана дары-дармектердин жетишсиздигин айтып кайрылышты. Мисалы, алардын бири төрт ай мурун боорун алмаштыруу боюнча операция жасатқанын, учурда медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж экенин билдирсе, башка бир жаран I топтогу майыптыгы бар экенин айтып, көрүүсү начарлап кеткенине байланыштуу жардам сураган.
​ Депутаттар абак жетекчилигине медициналык жардамга муктаж жарандарды текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурууну тапшырышты.
​ Маалыматка ылайык, учурда №21 тергөө абагында 1474 адам кармалууда, анын ичинен 120сы аялдар.
Комитет мүчөлөрү түшкөн кайрылуулар иликтенип, кармалгандардын укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдиришти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.