Президент Садыр Жапаров Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берди. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” 11-ноябрда маалымат таратты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул эле күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановду жана министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди кызматтан алды. Ошондой эле ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов да кызматынан бошотулду.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул окуянын негизинде Аскер прокуратурасы шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери айтылды.
Касымалиев ӨКМге кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү иш алып барууну тапшырды.
“Текшерүү ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, маалыматты өз убагында өткөрүп берүүдө, куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук контролдо олуттуу кемчиликтерди аныктады. Атап айтканда, окуя тууралуу маалыматтын ӨКМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилигине өз убагында жеткирилбегендиги, нөөмөт кызматтары менен куткаруу топторунун ортосунда өз ара аракеттенүү жетишсиз болгондугу, ошондой эле издөө-куткаруу иш-чараларын уюштурууда жана координациялоодо кемчиликтерге жол берилгендиги боюнча фактылар аныкталды”, — деп жазылган маалыматта.
7-ноябрдан бери Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган. 10-ноябрда Бишкекте анын тажыясы өтүп, жерге берилди.
Жакындарынын айтымында Амир Кунакунов 7-ноябрда эртен мененки 7лер чамасында, Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткени айтылган.