Канышай Темирбаева, онкогематолог: «Бизге көбүнчө гемоглобини 20–30 г/л болгон бейтаптар да кайрылышат”

0

Темир жетишсиздиги адамдын ден соолугуна кандай коркунуч жаратышы мүмкүн? Эмне үчүн бүгүнкү күндө аз кандуулук жана кандагы ферритиндин төмөн болушу кеңири тараган көйгөйлөрдүн бирине айланды? Анын негизги себептери кайсылар жана бул дарттардын алдын алуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

Бул жана башка маанилүү суроолорго кан ооруларын аныктоо жана дарылоо багытында эмгектенип келе жаткан тажрыйбалуу онкогематолог КАНЫШАЙ ТЕМИРБАЕВА жооп берип ой бөлүштү.

 — Кыргызстанда гемоглобиндин жана ферритиндин төмөн болушу эмне үчүн кеңири тараган? Бул көйгөйдүн негизги себеби эмнеде?

— Биринчиден көпчүлүк үй-бүлөлөрдө, өзгөчө эт, балык жана башка пайдалуу тамак-аш азыктарын сатып алууга каражат жетишсиз.

Экинчиден аялдардын бат-баттан кош бойлуу болушу, этек киринин үч күндөн ашык келиши, эндометриоз, жатын миомасы сыяктуу кан көп кетүүгө алып келген оорулар да темирдин жетишсиздигине себеп болот.

Көпчүлүк учурда адамдар бир түрдүү тамактарды жей беришет. Бул көрүнүш өзгөчө аялдарда жана балдарда көп кездешет.

Мындан тышкары, ичегидеги мите курттар да кандын азайышына жана организмде темирдин жетишсиздигине алып келет.

Ошондой эле өнөкөт оорулар, атап айтканда, атрофиялык жана гипертрофиялык гастрит, ашказандын сезгениши, ичеги-карындын өнөкөт оорулары (колит, энтерит, ичегинин жарасы) да темирдин сиңишине терс таасирин тийгизет.

—Эркектерде кандай учурда темир жетишсиздик анемиясы пайда болот?

— Көпчүлүк учурда эркектерде темир жетишсиздик анемиясы геморройдон, эт азыктарын жетиштүү өлчөмдө жана үзгүлтүксүз колдонбогондон, ошондой эле ашказан менен ичегидеги жаралардан улам пайда болот.

Гемоглобини 50–60 г/лге чейин түшүп кеткен адамдын өмүрүнө канчалык коркунуч бар? Кайсы учурда кан куюу зарыл болот?

—Гемоглобиндин деңгээли 50–60 г/лге чейин түшүп, адам узак убакыт дарыланбай жүрсө, жүрөккө чоң күч келет. Анткени жүрөк, мээ жана ички органдардын баары гемоглобин аркылуу кычкылтек менен камсыз болот. Гемоглобин организмде ташуучу функцияны аткарат.

Мээге кычкылтек жетишсиз болгон учурда ар кандай ооруларга, анын ичинде ишемиялык ооруларга чалдыгуу коркунучу жогорулайт.

Эгер гемоглобин 40 г/лге чейин түшсө, сөзсүз түрдө кан куюу зарыл.

Бизге көбүнчө гемоглобини 20–30 г/л болгон бейтаптар да кайрылышат. Мындай учурда бейтапка сөзсүз кан куюлат. Бул абал өтө кооптуу болгондуктан, оор кесепеттердин алдын алуу зарыл.

—Азыркы учурда темир жетишсиздигинен жабыркаган адамдар, айрыкча аялдар жана балдар көппү? Мунун себеби эмнеде? Аларга кандай кеңештерди бересиз?

—Аялдар биринчи кезекте өз ден-соолугуна кам көрүшү керек. Жашаган жериндеги поликлиникага барып, жок дегенде гемоглобинин текшерүү үчүн кан анализин тапшырып турушса жакшы болмок. Ошондой эле кош бойлуу кезде алты айда бир жолу УЗИден өтүп туруу зарыл.

Балалуу болууну чечкенден кийин аял да, эркек да керектүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүшү керек. Анткени эненин аз кандуулугу баланын ден соолугуна да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Аз кандуулук менен төрөлгөн балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мындай балдарда кийин да кан аздык көйгөйү уланышы мүмкүн. 13–14 жаштан баштап эпилепсия сыяктуу оорулар пайда болуп, боор жана көк боор чоңоюшу мүмкүн.

Кандагы гемоглобиндин төмөн болушунан улам балдардын ири кан тамырларында, айрыкча боор жана көк боордо аномалиялар байкалып жатат. Бөйрөк ооруларына да жетиштүү көңүл бурулбай, натыйжада 2–3 жаштагы кичинекей балдарда бөйрөк оорулары, атүгүл өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги (ХПН) пайда болуп, бөйрөктөрдүн иштеши начарлап калган учурлар кездешет.

Көпчүлүк учурда балдар ДЦП менен да жабыркап калышат.

Негизи, анемияны дарылоого болот. Мисалы, гемоглобини 50 г/л болгон бейтаптын көрсөткүчүн эки айдын ичинде 120–130 г/лге чейин көтөрүүгө мүмкүн. Бул үчүн дары-дармектерди туура кабыл алуу керек. Дарылоо башталгандан бир ай өткөндөн кийин сөзсүз контролдук анализ тапшырып, гемоглобиндин деңгээлин текшерип туруу зарыл.

Ошондой эле өнөкөт ооруларды өз убагында аныктап, дарылоо абдан маанилүү.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Get real time updates directly on you device, subscribe now.