Кыргызстанда КРВИ күчөп инфекциялык ооруканада жети бала оор абалда

0
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын саны өсө баштады. Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык ооруканасында учурда жети наристе оор абалда жатат.
Медициналык мекеме билдиргендей, акыркы эки суткада аларга 644 адам кайрылса, алардын үчтөн бирине КРВИ диагнозу коюлган. Жалпысынан 231 бейтап ооруканага жаткырылып, алардын басымдуу бөлүгүн сасык тумоого чалдыккандар түзгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.