Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-11-ноябрда өтө турган жыйында мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү, ошондой эле мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын талкуулашат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге, анын ичинде ЖККУнун декларациясына кол коюу пландалууда.