Чолпон-Ата шаарында КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу 24-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.
Кыргызстандын жана Тажикстандын министрлери жолугушууда кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу, кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо маселелери, ошондой эле консулдук, суу чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуу сүйлөшүлдү.
Министрлер аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, коопсуздук маселелери жана БУУ, ШКУ, КМШ жана ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашты.
