Жогорку Кеңеш менен аймактардын жаңы байланышы

0

Буга чейин Жогорку Кеңешти же анын төрагасын эл көбүнчө бийликтин бийик кабаттарында отурган, карапайым калктын көйгөйүн алыстан гана уккан аткаминерлер катары элестетчү. Акыркы мезгилде бул түшүнүк  жаңыланып жатканына күбө болуп жатабыз.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин аймактарды кыдырып, эл менен түз жолугушууларды өткөрүп жатканы бийлик менен калктын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган мыкты саамалык болуп калды.


Жакында эле Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында төрага жергиликтүү тургундар жана шайлоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн жеринен укту. Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык объектилердин абалы менен таанышып, эл көтөргөн маселелерге өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушууларда жаңы мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди куруу, ошондой эле авариялык абалдагы имараттарды оңдоо маселелери көтөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.


Аймактарды өнүктүрүү үчүн эл менен тыгыз байланышта иштөө зарыл экенин белгилеген Марлен Маматалиев көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынып, жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган иштер улантыларын билдирди.


Элдин үнүн угуп, алардын көйгөйүн жеринен көрүп чечүүгө умтулган мындай аракеттер мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевге жооптуу ишинде ийгиликтерди, бекем ден соолук жана эл үчүн жасаган иштеринде чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.