Президент: «Акылман» лицейин бүткөндөрдү дароо кызматка алабыз

0

«Акылман» лицейин аяктап, жогорку окуу жайдан билим алып келген жаштардын баарын мамлекеттик кызмат күтүп турат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Талас шаарындагы «Акылман» лицейинин ачылышында билдирди.

Мамлекет башчысы окуучуларды жумуш орундары боюнча кам санабай, илим-билимге гана көңүл бурууга чакырды.

«Акылман» лицейин бүткөндөр кайда барам, кайсы жумушка кирем деп ойлонбогула. Илимди изилдеп, жаңы технологияларды үйрөнүп келишиңиздер керек. Бул мектепти аяктап, жогорку окуу жайды бүтүрүп келгендерге бир мүнөт да кармалбай мамлекеттик кызмат даяр болот. Кыз болобу, уул болобу, адистигине карабай мамлекеттик ишке алабыз», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн «Акылман» лицейинин ачылышы менен бирге онлайн режимде өлкө боюнча дагы 105 социалдык жана өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.