Япониянын Нара илим жана технология институтунун жана Осака университетинин окумуштуулары эмоциялардын кантип пайда болорун түшүндүргөн жаңы компьютердик модель сунушташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2025-жылдын декабрь айында IEEE Transactions on Affective Computing илимий журналында жарыяланды.
Жаңы модель «курулган эмоциялар теориясына» негизделет. Бул теорияга ылайык, эмоциялар алдын ала даяр болбойт жана автоматтык түрдө пайда болбойт. Адамдын мээси ар бир эмоцияны денеден келген ички сигналдар — мисалы, жүрөктүн согушу — жана тышкы маалыматтар, анын ичинде сүрөттөр, үндөр жана сөздөр аркылуу кайрадан түзөт.
Экспериментке 29 адам катышып, алар Эл аралык аффективдүү сүрөттөр системасынан алынган 60 сүрөттү көрүшкөн. Ошол эле учурда катышуучулардын жүрөк согушу тагылуучу сенсорлор аркылуу өлчөнүп, алар өз сезимдерин сөз менен сүрөттөп беришкен.
Алынган маалыматтардын негизинде алгоритм даяр эмоционалдык белгилерсиз эле адамдардын абалын талдап чыккан. Натыйжада модель катышуучулардын жеке баалоолору менен болжол менен 75 пайызга дал келген жыйынтык көрсөткөн.
Окумуштуулар бул ыкма жасалма интеллект системаларын өнүктүрүүдө пайдалуу болорун белгилешет. Айрыкча социалдык роботтордо, ошондой эле психикалык абалды көзөмөлдөөдө, сезимин так айтып бере албаган адамдарга жардам берүү мүмкүнчүлүгү бар.
Sign in