Президенттик шайлоо 27-январга жылышы мүмкүн

0
Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Ага ылайык, шайлоону аптанын акыркы шаршембисинде өткөрүү сунушталып жатат. Парламент тарабынан жактырылган өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоо күнүн иш күнүнө жылдыруу каралууда. Демилгечилер бул кадам шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет. Ошол эле учурда шайлоо күнү төлөнүүчү эс алуу күнү болушу мүмкүн экени айтылды.
Учурдагы тартипке ылайык, добуш берүү январь айынын акыркы жекшембисинде өтөт. Ошондуктан кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 31-январына белгиленген болчу.
Мыйзам долбоорун эми президент кол коюп бекитиши керек.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.