УКМК: Синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн жашыруун нарколаборатория жоюлду

0

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Н.А.Д., А.Ч.Х. жана Д.А.В. аттуу жарандар кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында «Спайс» жана «A-PVP» аттуу синтетикалык баңгизаттар алынды.

Учурда нарколабораторияны уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле баңгизаттарды сатуу каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.