Роза Шакированын бир тууган эжеси каза болду

0

Ырчы Роза Шакированын бир тууган эжеси Салтанат Шакирова каза болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды. «Бир боорум, эжем Санталат. Аллахым сага бейишинен берсин. Байкушум Роза, жардам бер деген бойдон кете берди», — деп жазган ал.

Роза Шакирова жети бир тууган. Салтанат Шакирова бир туугандарынын үчүнчүсү болчу.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Салтанат Шакированын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.